• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
10 Категория: Политика - Published: 29/12 - 11:24

Дүйшөмбү күнү Түркиянын тышкы иштер министри Орусиянын тышкы иштер министри менен бир катар маселелер боюнча маанилүү келишимге кол коёрун жарыялады.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, дүйшөмбү күнү Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен 2021 жана 2022-жылдар үчүн бир катар маселелер боюнча келишимге кол коёрун жарыялады.
Ал пресс-конференцияда бүгүн, шейшемби күнү Лавров менен бир катар аймактык жана эл аралык маселелерде, анын ичинде Сирия маселеси, Сирия конституциялык комитетинин күн тартиби, Ливия кризиси жана андагы ок атышпоо режими, Тоолуу Карабак окуясы жана мындан аркы орус-түрк координациясы боюнча сүйлөшүүлөр болорун айтты.
Түркиянын тышкы иштер министри “Эртеңки Лавров менен жолугушуу экөөбүздүн сегизинчи жолугушуубуз болот. Буга чейинки жолугушуу Түркиянын Анталия шаарында болгон”, - деди.
Ошондой эле, бүгүнкү жолугушууда эки өлкөнүн лидерлеринин стратегиялык саммитине даярдануу жана эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү маселелер талкууланарын жана эки тараптуу мамилелер караларын баса белгиледи.
Мындан тышкары, кечээ, дүйшөмбү күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкара бүгүн Улуу Британия менен эркин соода келишимине кол коёрун жарыялап, "Бул келишим Түркия үчүн Европа Биримдиги менен Бажы келишимине кол коюлгандан кийинки эң маанилүү соода келишими болот”, - деп билдирди.
Эрдоган бул билдирүүсүндө, "2023-жылы Түркияны дүйнөдөгү 10 ири өлкөнүн катарына кошобуз жана идеалдуу ийгиликке жетишебиз", - деп баса белгилеп өттү.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент