• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
10 Категория: Политика - Published: 28/12 - 16:29

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны Гонконгдогу окуялардын шылтоосу менен өлкөнүн ички иштерине кийлигишпөөнү эскертти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтү америкалыктардын Гонконгдогу 12 туткунду бошотуу өтүнүчүнө кескин жооп кайтарды.
Бүгүн, дүйшөмбү күнү Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзянь АКШны Гонконг маселесин кыянаттык менен пайдаланып, Кытайдын ички ишине кийлигишүүсүн тезинен токтотууга чакырды.
«ir.Sputnik News» агенттиги маалымдагандай, Чжао Лицзянь ар күнү өтүүчү маалымат жыйынында, АКШнын Пекиндеги элчилигинин Тайванга качып кетүүгө аракет кылган Гонконгдогу 12 туткунду бошотуу боюнча жасаган өтүнүчүн сындап, мындай билдирүүлөр фактыларга карабастан жасалып жатканын билдирген.
Август айында Пекин Гонконгдогу Кытайга каршы нааразычылык акцияларын уюштуруп жатат деп гонконгдук 12 адамды камакка алган. Алар Тайванга кеме менен качып кетүүгө аракет кылып жатышканда Кытайдын коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалышкан.
Бир нече күн мурун, АКШнын Мамлекеттик департаменти Гонконгго байланыштуу адам укуктары боюнча маселелерге таянып, АКШга сапар менен бара турган кытай чиновниктери үчүн жаңы виза чектөөлөрү киргизилгенин жарыялаган.
Андан кийин, Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон виза маселесин Кытайга каршы курал катары колдонуп жатканын жана Кытайдын ички ишине олуттуу кийлигишип жатат деп билдирген.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек