• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
42 Категория: Политика - Published: 28/11 - 11:14

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф эл аралык коомчулукту Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаденин өлтүрүлүшүн айыптоого үндөдү.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Ирандын тышкы иштер министри “Бүгүн террорчулар белгилүү ирандык илимпозду өлтүрүштү. Бул митаамчылыкта - Израилдин катыштыгы ачык-айкын байкалууда. Иран эл аралык коомчулукту  жана айрыкча Европа Биримдигин - кош стандарттуу мамилени токтотууга жана бул террордук актыны айыптоого чакырат”, - деп Твиттердеги баракчасына жазды.

Кечээ, 27-ноябрь кечинде Ирандын өзөктүк программасынын жетекчилеринин бири, физик Мохсен Фахризаде Тегерандын жака белиндеги шаарчада өлтүрүлдү.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан