• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
18 Категория: Политика - Published: 27/11 - 16:54

Азербайжандын парламенти Франциянын Сенатынын Тоолуу Карабак аймагы боюнча резолюциясына жооп кайтарып, өлкөнү Минск тобунан чыгарууну талап кылды.

Бул тууралуу “Yjc” агенттиги "Anadolu" агенттигине шилтеме берип билдирди.
Азербайжан Республикасынын Улуттук Ассамблеясы кечээ, бейшемби күнү Франциянын Тоолуу Карабак боюнча кабыл алган резолюциясына жооп катары жарыялаган билдирүүсүндө өкмөттү Францияны Минск тобунун тең төрагалыгынан чыгаруу өтүнүчү менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна (ЕККУ) кат жөнөтүүгө чакырды.
Билдрүүдө 10-ноябрда Азербайжан, Армения жана Орусиянын ортосунда Тоолуу Карабак аймагындагы жаңжалды токтотуу боюнча кол коюлган келишим БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларынын аткарылышын билдирери жана ага ылайык, Армения өз аскерлерин аймактан чыгарып кетиши керектиги баса белгиленген. Бирок, Франция акыркы билдирүүлөрүндө бейтарап болгон жок, ошондуктан бул өлкө Минск тобунун тең төрагасы кызматынан кетиши керек.
Ошондой эле, Азербайжан Республикасынын Улуттук Ассамблеясы билдирүүдө өлкөнүн өкмөтүн Азербайжан менен Франциянын ортосундагы саясий жана соода мамилелерин кайрадан карап чыгууга жана бул жаатта зарыл чараларды көрүүгө чакырды.
Франция менен АКШ Орусия менен катар 1992-жылы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Конференциясы тарабынан Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабак жаңжалын тынчтык жолу менен чечүү үчүн түзүлгөн Минск тобунун мүчөлөрү. Бирок андан бери 28 жыл өтсө дагы бул топ Азербайжандын 20 пайызга жакын аймагынын Армения тараптан оккупацияланышын токтотууда рол ойной алган жок.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент