• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
27 Категория: Политика - Published: 26/11 - 14:44

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Жо Байденге кат жөнөтүп, 2020-жылдагы АКШдагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, шаршемби күнү Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Ак үйгө кирүү алдында турган Демократиялык партиянын атынан президенттикке талапкер болгон Жо Байденге билдирүү жөнөтүп, президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.
Кытайдын мамлекеттик агенттиги “Xinhua”, өлкөнүн төрагасы Жо Байденге жөнөткөн катында, “Кытай-АКШ мамилелеринин жакшы жана туруктуу өнүгүшү эки мамлекеттин кызыкчылыгына гана жооп бербестен, эл аралык коомчулуктун жалпы үмүтүнө да жооп берет. Мен эки тарапты тең чыр-чатаксыз жана жеңиштүү кызматташтыктын рухун колдойт жана талаш-тартыштарды карап, көзөмөлдөө үчүн биргелешип иштөөгө көңүл бурат деп ишенем”, - деп жазганын билдирди.
“CNN” каналынын маалыматына ылайык, 13-ноябрда, АКШдагы шайлоодон он күн өткөндөн кийин жана Байдендин жеңиши жарыялангандан кийин бир жума өткөн соң Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы өлкөнүн төрагасынын атын атабай эле, Кытай тараптан Демократиялык партиянын талапкерин жана анын орун басары Камала Харристи жеңиши менен куттуктаган. Бирок, ал ошол кезде АКШдагы шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн мыйзамына жана жол-жоболоруна ылайык аныкталат деп билдирген.
Америкадагы шайлоодон кийин, көптөгөн өлкөлөр Жо Байденди жеңиши менен куттукташса, Трамп жеңилгенин мойнуна албагандыгы жана Демократиялык партиянын талапкеринин жеңишин расмий жарыяланбаганы үчүн Орусияга окшогон айрым өлкөлөр куттуктоо катын жөнөтүшкөн эмес.
АКШдагы талаштуу шайлоодон кийин дүйшөмбү күнү өлкөнүн Калкты тейлөө департаментинин директору Эмили Мерфи Байдендин командасына жолдогон катында ал шайлоодо жеңип чыкканын жарыялап, бийликти өткөрүп берүү процессин баштай аларын билдирген.
Бул билдирүүдөн кийин Жо Байдендин командасы АКШнын Калкты тейлөө департаменти Демократиялык талапкердин президенттик шайлоодо жеңгенин тастыктаганын жана эми команданын мүчөлөрү жакынкы күндөрү федералдык жетекчилер менен жолугушарын жарыялады.
Бирок, Дональд Трамп шейшемби күнү дагы бир жолу кызматтан кетүү ниети жөнүндө Твиттергеги билдирүүсүндө, "Эсиңерде болсун, Калкты тейлөө департаменти өзгөчө болду жана Эмили Мерфи милдетин мыкты аткарды, бирок, АКШнын кийинки президенти ким болорун Калкты тейлөө департаменти аныктабайт", - деп жазган.
Трамп бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурун дагы бир жолу жакында өткөн президенттик шайлоону коррупциялашкан деп атап, "жасалма добуштардын" натыйжаларын эч качан колдобой тургандыгын айткан.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек