• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
12 Категория: Политика - Published: 25/11 - 12:01

АКШнын экс-президенти өз өлкөсүнүн өзөктүк келишим жана Климаттык Париж келишими сыяктуу эл аралык келишимдерден чыгуусу союздаштардын ишенимин төмөндөткөнүн жана бул ишенимди калыбына келтирүү оңой иш эмес экендигин баса белгиледи.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын экс-президенти Барак Обама “Washington Post” гезитине берген эксклюзивдүү маегинде АКШнын Иран менен болгон өзөктүк келишим жана Париждеги климат келишими сыяктуу эл аралык келишимдерден чыгып кетиши АКШнын союздаштарынын бул өлкөгө болгон ишенимин азайтканын мойнуна алды.
"Шайлоо учурундагы кээ бир талаш-тартыштар дүйнө жүзүн АКШнын ишенимдүүлүгүнө карата шек жаратты”,- деди Барак Обама эл аралык коомчулуктун АКШ боюнча көз карашы жөнүндө.
Обама сөзүн мындай деп улады: "Иран келишими жана Париж келишими сыяктуу маселелер боюнча АКШнын позициясынын артка кайтарылышы, АКШнын кийинки администрациясына ишеним боюнча кепилдик бере алабы же жокпу, белгисиздикти жаратат. Американын кадыр-баркына доо кетти жана андан арылуу үчүн убакыт талап кылынат. Албетте, Жо Байден бул кызматка ылайыктуу адамдарды тандап алганында шек жок, бирок бул катачылыктарды бир түн ичинде оңдоого мүмкүн эмес."

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек