• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
49 Категория: Политика - Published: 25/11 - 11:25

Америкалык маалымат каражаттары президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялаган Жо Байден АКШ дүйнөдөгү керексиз чыр-чатактарга катышпай тургандыгын жарыялады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады.“АКШ кереги жок чыр-чатактарга кийлигишпейт”, - деди Байден. Жо Байден дүйнөлүк саясатта Дональд Трампка караганда жумшак кадамдарга барууга бел байлагандай. Кечээ күнү Пенсильвания штатынын губернатору Том Вульф Жо Байден штаттагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенин жарыялады.

“Пенсильваниянын расмий адамдары бүгүн штаттагы шайлоонун жыйынтыгын тастыкташты. Федералдык мыйзамга ылайык, мен Жо Байден менен Харрис штатта толук женишке жетти? күбөлүккө кол койдум”, - деп жазган ал Твиттердеги баракчасына.

Байден келечектеги командасын тааныштырып, анын башкаруусу учурунда АКШ керексиз жаңжалдарга кийлигишпейт деп ишендирди. “Менин келечектеги кабинетимдин мүчөлөрү буга чейин АКШнын өнөктөштөрү менен иштешкен ондогон жылдык тажрыйбасынын аркасында улуттук коопсуздук жана дипломатия жаатында чоң ийгиликтерге жетишкен. Мындай жол менен биз керексиз аскердик чыр-чатактарга катышпастан? Американын коопсуздугун сактайбыз”, - деп билдиргенин орус ЖМКлары жазышты.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент