• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
34 Категория: Политика - Published: 24/11 - 13:52

АКШнын президенти Дональд Трамп бийликти шайланган президент Жо Байденге өткөрүп берүүгө макул болгонун тастыктады.

“IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп бүгүн, шейшемби күнү эртең менен Твиттерде Калкты тейлөө департаментинин директору Эмили Мерфиге кайрылып, Байденге бийликти өткөрүп берүү боюнча "алгачкы протоколдорду” ишке ашырууну тапшырганын жазды.
Трамп Мерфиге ыраазычылык билдирип, “Аны коркутуп-үркүтүп, аркасынан түшүштү. Мен анын үй-бүлөсүнүнө жана Калкты тейлөө департаментинин кызматкерлеринине мындай мамиле жасалышын каалабайм”, - деп билдирди.
“Биздин ишибиз күч менен уланууда. Биз күрөштү улантабыз жана жеңишке жетебиз деп ишенебиз. Өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн Эмилини жана анын командасын бийликти өткөрүү үчүн баштапкы протоколдорго байланыштуу зарыл иштерди жасоого чакырам. Мен өзүмдүн командама дагы ушундай тапшырма бердим”, - деп жазды Дональд Трамп.
Мерфи билдиүүсүндө, Байден бийликти өткөрүп берүүнү жеңилдетүү үчүн федералдык ресурстарга жана кызматтарга ээ болоорун айткан.
Трамптын бийликти өткөрүп берүүгө макулдугу Мичиган штатынын жооптуу кызматкерлери, штатта 154 миң добуш менен Демократиялык партиянын талапкери Жо Байдендин жеңишке жетишкендигин тастыктагандан кийин жарыяланды жана ага бир нече саат калганда Байден өзүнүн улуттук коопсуздук командасын тааныштырды.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек