• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Политика - Published: 23/11 - 16:07

Иран элчиси менен Йемендин Улуттук Куткаруу Өкмөтүнүн тышкы иштер министри эки тараптуу мамилелерди талкуулашты.

Mehr News агенттигинин Аль-Масира маалыматына шилтеме берип билдиргенине караганда, Ирандын Йемендеги элчиси Хасан Ирло Йемендин Улуттук Куткаруу Өкмөтүнүн тышкы иштер министри Хишам Шараф менен жолугушту.
Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн кызматташтыгы жана аны чыңдоо жана кеңейтүү жолдору талкууланды.
Йемен кризисин аскердик жол менен чечүү мүмкүн эместигин баса белгилеген Хасан Ирло ар тараптуу саясий чечимге жетишүү жана улуттук жарашуу менен коңшулук мамилелерди орнотуу үчүн Иран бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтты.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Хишам Шараф аль – Сауд, коалициясынын аскерий агрессиясынын алгачкы күндөрүнөн тартып Йеменди курчоодон бошотуудагы Тегерандын принципиалдуу позициясын жогору баалады.
Эске салсак, Ирандын Сана шаарындагы элчиси буга чейин Йемендин Ансарулла өкмөтүнүн өкүлдөрү менен өлкөнүн кризиси жана Йемен элинин Сауд Арабиясынын агрессиялык коалициясына каршылык көрсөтүүсүн колдоосу жөнүндө кеңешкен.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент