• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Политика - Published: 23/11 - 14:02

Жаңы шайланган АКШнын президенти Жо Байден Ак Үйдүн жаңы кызматкерлерин дайындоо боюнча өз варианттарын билдирди.

Tasnim News агенттигинин Bloomberg маалыматына шилтеме берип билдиргендей, президенттик шайлоолордо көпчүлүк добушка ээ болгон демократиялык партиянын лидери Жо Байден, жаңы Мамлекеттик катчы жана улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи кызматына өзүнүн варианттарын жарыялаган.
Белгилей кетсек, Жо Байден АКШнын мамлекеттик катчылыгына Энтони Блинкенди көрсөтмөкчү.
Маалымат булактарынын айтымында, Жо Байден ошондой эле Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси катары Хиллари Клинтондун жакын жардамчыларынын бири болгон Жейк Салливанды көрсөтөт.
Эске салсак, АКШда өткөн кезектеги президенттик шайлоолордо Жо Байдендин жеңиши жарыяланганы менен өлкөнүн учурдагы президенти Дональд Трамп шайлоонун бурмаланганын ырастоодо.
АКШдагы талаштуу президенттик шайлоонун жыйынтыгын кабыл албаган Дональд Трамп кечээ өзүнүн Твиттердеги баракчасында Жо Байден АКШнын кийинки министрлер кабинетин түзөт деген кабарга жооп иретинде дагы мындай деген: " Менин адамдарым шайлоодон кийин жүз миңдеген жасалма добуштарды таап жатканда, эмне үчүн Жо Байден министрлер кабинетинен түзүүгө мынча шашылды?"

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+10°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+10°C Ташкент