• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
7 Категория: Политика - Published: 20/11 - 12:33

Ирандын ТИМ жетекчиси орусиялык кесиптеши менен жолугушуу үчүн Москвага барат.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, бейшемби күнү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф орусиялык кесиптеши менен жолугушуу үчүн Москвага иш сапары менен барарын маалымдады.

Мария Захарованын берген маалыматына караганда, Орусия менен Ирандын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мухаммад Жавад Зариф 23-ноябрда Москвада жолугушуп, Тоолуу Карабак жана өзөктүк келишим сыяктуу маселелерди талкуулашат.
“23-ноябрда Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Москвага келет жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Жолугушууда айрым маанилүү эл аралык маселелер, анын ичинде Тоолуу Карабактагы кырдаал, Ирандын өзөктүк программасынын абалы, Сирия, Ооганстан жана Перс булуңу боюнча маселелердин талкууланышы күтүлүүдө”, - деп билдирди Захарова.
Мындан тышкары, жолугушуу алкагында эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу маселелер дагы талкууланат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек