• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
40 Категория: Политика - Published: 20/11 - 11:37

Эгер АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге кайрадан кошулууну кааласа, Тегеран сүйлөшүүгө даяр.

Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. “Америка Кошмо Штаттары дагы деле Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү. Эгер ал Коопсуздук Кеңешинин 2231-резолюциясында көрсөтүлгөн милдеттенмелерин аткарса, анда биз өзөктүк келишимдин алдындагы милдеттенмелерибизди аткарабыз”, - деп жазды Зариф өзүнүн Твиттердеги баракчасына.

“Андан соң, эгер Вашингтон өзөктүк келишимге кайрадан кошулууну кааласа, биз АКШ үчүн “Өзөктүк келишимдин катышуучусу” наамын калыбына келтирүү шарттарын талкуулоого даярбыз”, - деп кошумчалады Ирандын ТИМ башчысы.

Эске салсак, АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден 2018-жылы бир тараптуу чыгып кеткен. 2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Тегеранга каршы эл аралык санкциялар алынган болчу.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент