• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
14 Категория: Политика - Published: 18/11 - 11:05

Перу конгрессинин депутаты Франсиско Сагасти өлкөнүн убактылуу жаңы президент болуп шайланды.

CentralAsia (CA) маалымат порталы билдиргендей, Франсиско Сагасатинин талапкерлигин 97 депутат колдоп, 26сы каршы добуш берди.
Ошондой эле Мирта Васкес вице-президенттин милдетин аткарууга киришет.
Белгилей кетсек, Сагасати бир жуманын ичинде өлкөнүн үчүнчү президенти болуп шайланды.
Буга чейин, өлкөнү 5 күн башкарган Перунун убактылуу президенти Мануэль Мерино кызматынан кетерин жарыялаган.
Эске салсак, 9-ноябрда Перу Конгресси президент Мартин Вискарреге, айрыкча, коррупцияга айыптоо менен импичмент жарыялаган.
Ал эми 10-ноябрда Конгресстин төрагасы Мануэль Мерино 2021-жылдын апрелине белгиленген кийинки шайлоого чейин президенттин милдетин аткаруучу болуп ант берген. Мануэль Мериндин президент болуусуна нааразы болгон митингчилер анын кетүүсүн талап кылышкан.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент