• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
8 Категория: Политика - Published: 18/11 - 10:30

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш Төрагасы Талант Мамытов  17-ноябрда, өлкөнүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы өлкөнүн тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү жаатындагы ишмердүүлүгү, жогорку деңгээлде жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча иштер, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо маселелери тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин милдетин аткаруучу чет өлкөлүк өнөктөштөр менен эки жакка тең пайдалуу жана иштиктүү байланыштарды ырааттуу өнүктүрүү үчүн тышкы саясатты мындан ары натыйжалуу жүргүзүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов Тышкы иштер министрлигинин алдына өлкөнүн тышкы саясий курсун мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга багытталган бир катар конкреттүү милдеттерди койду.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент