• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
13 Категория: Политика - Published: 16/11 - 11:16

Майя Санду Молдовада өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетишти.

CentralAsia (CA) маалымат порталы билдиргендей, Молдовада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп, өлкөнүн экс-премьер-министри Майя Санду жеңүүчү аталды.
Белгилей кестек, БШКнын маалыматы боюнча, 16-ноябрга караган түнү Майя Санду 57,45% добуш топтогон, ал эми Молдованын учурдагы президенти Игорь Додон 42,55% добушка ээ болгон.
Шайлоого 52,76%, тагыраак айтканда 1 млн. 600 миңден ашуун шайлоочу катышкандыгы маалымдалды.
Сандуга Бельцтен башка ири шаарлар, ошондой эле Европа өлкөлөрүндөгү жаштар менен диаспоралар добуш беришкен.
Ал эми Игорь Додондун кайра президенттикте калышы үчүн айыл жери менен Орусиядан келген мекендештерден алган колдоосу жетишсиз болду.
Майя Санду 1972-жылы 24-майда Молдавия ССРинин Фалешти районундагы Рисипени айылында Григорий менен Эмилия Сандунун үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөлүү эмес, англис, румын, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Ал “Аракет жана Тилектештик” партиясынын башчысы болуп, демократиялык баалуулуктарды жактайт жана Молдова Республикасынын Европа коомчулугуна пленардык интеграцияланышына аракет кылат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент