• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
35 Категория: Картина дня - Published: 19/02 - 16:05

АКШ Европа Биримдигинин чакыруусу менен Иран жана “5+1” форматындагы башка катышуучулар менен (Орусия, Улуу Британия, Кытай, Франция жана Германия) Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга даяр.

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нед Прайс бүгүн эртең менен жасаган билдирүүсүндө Европа Биримдигинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын Иран менен “5 + 1” тобунун жыйынына катышуу боюнча  чакыруусун кабыл алаарын билдирди. “АКШ Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Жозеф Борреллдин Ирандын өзөктүк программасына дипломатиялык жол табуу маселесин талкуулоо үчүн боло турган Иран менен “5 + 1” тобунун жыйынына катышуу боюнча чакыруусун кабыл алат”, - деди Прайс.

“AFP” агенттиги АКШ азырынча бул жыйынга  катышууга чакыруу ала электигин бирок жакын арада алат деп күтүлүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда “The Wall Street Journal” басылмасы айрым маалымат булактарына шилтеме жасап, өзөктүк келишимге мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен комиссиясынын расмий эмес жыйыны өткөрүлө тургандыгын жана ага АКШ конок катары чакырылгандыгын жазган.

“Reuters” агенттиги Британия, Франция, Германия жана АКШ тарабынан жарыяланган биргелешкен билдирүүгө ишара кылып, төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлери АКШ президенти Жо Байдендин Иран менен дипломатия жүргүзүү ниетин кубатташканын жазды. Прайс буга чейин АКШнын президенти Жо Байден Иран өзөктүк келишимдин алкагындагы өзүнүн милдеттенмелерин толугу менен аткарууга кайтып келсе, АКШ дагы ошону аткарат деп айтканын билдирген.

Эске салсак, 2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Ирандын өзөктүк иш-аракеттерине чектөөлөр киргизилип, анын ордуна Тегеранга каршы эл аралык санкциялар алынган болчу. Бирок АКШ 2018-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден бир тараптуу чыгып, Иранга каршы санкцияларды кайра калыбына келтирген.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент