• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
94 Категория: Картина дня - Published: 18/02 - 17:54

Орусиянын коронавируска каршы “Ковивак” деп аталаган үчүнчү вакцинасы 20-февралда каттоого алынат.

Бул тууралуу Стопкоронавирус.рф. сайтында маалымдалганын “Ir.Sputnik” агенттиги жазды.

“Ковивак” вакцинасы Чумаков атындагы илим-изилдөө борборунда иштелип чыккан. Буга чейин Орусия Федерациясынын вице-премьери Татьяна Голикова “Ковивак” вакцинасы  февралдын орто ченинде каттоого алынарын билдирген. Чумаков борборунан маалымдашкандай, вакцина экинчи этаптан кийин 3000 ыктыярчыга сыналат.

Орусиялык ЖМКлар маалымдагандай, аталган борбор өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен вакцинанын клиникалык сыноолору үчүн 2020-жылдын 25-сентябрында уруксат алган. Изилдөөнүн биринчи фазасында 200 ыктыярчы эмдөөдөн өткөн, эмдөөдөн кийин терс көрүнүштөр байкалган эмес. Экинчи фазасы 2020-жылдын декабрь айында Санкт-Петербург, Новосибирск жана Кировдо 200 ыктыярчынын катышуусунда башталган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+7°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент