АКШнын Нью-Жерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында АКШнын мурунку президенти Дональд Трампка таандык болгон 39 кабаттуу “Trump Plaza” мейманкана-казиносу жардырылды.
Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Имараттын жарылышынын видеосу YouTube-каналындагы NJ.com порталында жарыяланды. Бул белгилүү имараттын бузулушун көрүү үчүн шаардын көптөгөн тургундары келишкен. Аталган порталдын маалыматына караганда, бул мейманкана 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы онунчу казино болгон.
Бирок ал 2014-жылы жабылып калгандыктан улам миндеген адамдар жумушсуз калган. Казино ишин токтоткондон кийин ага ээлик кылуу укугу 2016-жылы "Trump Entertainment Resorts" компаниясынан "Icahn Enterprises" компаниясына өткөн.
Маалыматта белгилегендей, Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл 2020-жылы өзүнүн администрациясына ошол маалда урай баштаган имаратты бузуу тапшырмасын берген.
Саясат
Валюта курсу
Аба ырайы