• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
5 Категория: Картина дня - Published: 13/01 - 12:07

Вашингтондун башкы прокурорунун орун басары Конгресстин имаратынын айланасында бир нече бомба табылгандыгын жарыялап, бомба койгондор сөзсүз камакка алынып, жазаланарын билдирди.

 Tasnim News агенттигинин Ал-Жазирага шилтеме берип билдиргенине караганда, Вашингтондун башкы прокурорунун орун басары 12-январь түштөн кийин сүйлөгөн сөзүндө Конгресске кол салган окуяда Конгресстин имаратынын аймагына бир нече бомба коюлганын жарыялады.
Ал: "Конгресстин имаратын бомбалоого катышкан адамдар тергелип, камакка алынып, жазаланат",- деди.
Вашингтондун Башкы прокурорунун орун басары Вашингтондогу Республикачылар жана Демократиялык партиялардын штабынын жанынан колго жасалган жарылуучу заттар табылгандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Трамптын жактоочулары өткөн аптада Конгресстин имаратына чабуул жасап, төрт адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышкан.
Трамптын жактоочуларынын Конгрессти бир нече саат бою колго алышына жана басып алышына байланыштуу, Палатадагы жана Сенаттагы бир катар демократтар АКШнын Баш мыйзамына 25-түзөтүүнү активдештирүү менен Трампты вице-президент Майк Пенс жана анын кабинетинин мүчөлөрү тарабынан кызматтан кетирүүгө чакырышты.
Алар эгер бул шарттар жасалбаса, анда Трампка импичмент жарыялайбыз деп коркутушкан.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент