• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
21 Категория: Картина дня - Published: 11/01 - 15:35

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду кезексиз президенттик шайлоодо жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу ТАСС агенттигин жазып чыкты.

Путин эки өлкөнүн ортосундагы байланышты мындан ары өркүндөтүүгө ишенерин билдирди.

"Президенттикке шайланганыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз", - деп айтылат Кремлдин сайтында жарыяланган Путиндин Жапаровго жолдонгон телеграммасында.

Россиянын президенти Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы алака стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык мүнөзгө ээ экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров алдыга чыккан.

Булак

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент