• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
20 Категория: Картина дня - Published: 19/11 - 11:39

Ирандын 25 провинциялык борборунда жана башка 124 шаарында коронавирус боюнча абал курч болууда. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги “Fars News” агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Ирандын коронавируска каршы күрөшүү штабынын расмий өкүлү Алиреза Раиси коронавирустун айынан өлкөнүн 150 шаары 21-ноябрдан баштап  эки жумага жабылаарын жарыялады.

Маалыматка ылайык, Раиси өлкөдө коронавирус жуктуруунун учурлары жана өлүм-житимдер көбөйүп жаткандыгын белгилеп, “Акыркы статистикага ылайык, өлкөнүн 25 провинциялык борборунда жана башка 25 шаарында коронавирус боюнча абал курч болууда, бул шаарларда кечки саат 9дан таңкы саат 4кө чейин кирип-чыгууга тыюу салынат”, - деп билдирди.

Анын айтымында, жаны чектөөлөргө ылайык супермаркеттер, нан бышыруучу жайлар, куткаруу борборлору жана медициналык борборлор, ооруканалар, клиникалар жана дарыканалардан башка бардык ишканалар жабык болот. Ал эми административдик бөлүмдөгү кызматкерлердин кеминде үчтөн бири жумушка келүүгө укуктуу. Мындан тышкары, ал бардык мектептер,   университеттер, диний жана маданий борборлор жабык болуп, жума жана жамаат намаздары эки жумага токтотуларын баса белгиледи.

Иранда вирус жуктургандардын жалпы саны 801 миң 894кө жетип, 42 миң 941 адам көз жумду.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент