• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
25 Категория: Картина дня - Published: 18/11 - 15:31

Дүйнө жүзү боюнча акыркы аптада 4 миллионго чукул адам коронавирус жуктуруп, пандемиядан берки рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 8-ноябрдан 15-ноябрга чейин дүйнө боюнча вирус 3 миллион 977 миң 223 адамдан табылып, 59 миң 699 өлүм-житим катталып, эки көрсөткүч тен акыркы жети күндөгү көрсөткүчтөн ашып кеткен.

Өткөн жумуда 3 миллин 695 миң 495 кишиден коронавирус табылып, 54 миң 835 адам көз жумган болчу. ДССУ маалымдагандай, Европада коронавирус жуктуруунун эң көп учурлар катталганы менен өткөн жумада коомдук саламаттыкты сактоо жана коомдук чараларды күчөтүүнүн натыйжасында 10%га азайган.

Европада жалпысынан акыркы бир жумада вирус жуктуруунун 1 миллион 840 миң 085 учуру аныкталып, 29 миң 043 өлүм катталган. Түндүк жана Түштүк Америкада бир жумада вирус жуктуруп алгандардын саны 1,45 миллиондон ашып, 19 миң адам каза болду. Түштүк-Чыгыш Азия чөлкөмүндө 373 миңден ашуун адам ооруну жуктуруп, жети күндүн ичинде каза болгондордун саны 4,5 миңден ашты. АКШда илдетке чалдыккандардын саны 1 миллиондон ашса, Индияда 306 миңден ашты.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент