• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
12 Категория: Фотографии - Published: 10/02 - 16:35

Бүгүн, 10-февраль Иранда Ислам революциясынын 42 жылдыгы белгиленип жатат. Жыл сайын бул күнү өлкө боюнча миллиондогон адамдар жөө жүрүшкө чыгышат. Бирок быйылкы майрам коронавирус пандемиясына байланыштуу башкача форматта белгиленүүдө.

Бүгүн Тегеран жана башка шаарларда миңдеген кишилерлердин катышуусунда авто-мото-вело жүрүш өтүп жатат. 

Быйыл Иранда 1979-жылкы Аятолла Рухулла Хомейни башында турган Ислам Революцисына 42 жыл толду. Ислам Революциясынын жеңиши менен Ирандын шахы Реза Пехлеви бийликтен кулатылып, Аятолла Рухулла Хомейни Иран Ислам Республикасынын лидери болуп калган.