• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
128 Категория: Фотографии - Published: 09/02 - 17:08

Бүгүн, 9-февраль Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Ирандагы Ислам революциясынын 42 жылдыгына жана Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттигинин корреспонденти жеринен билдирди. Иш-чара Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгү Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жетекчили менен биргеликте уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө Иран өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Парви Гасеми, Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова, кыргыз жазуучусу Бекжан Ахмедов жана Ирандын Кыргызстандагы элчисинин кенешчиси Таги Рустамиан сөз сүйлөдү. Көргөзмөгө маданий ишмерлер, жазуучулар, ЖОЖдордун жана мектептердин мугалимдери окуучулары менен, Иран элчилигинин дипломаттары жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Көргөзмөдө ошондой эле ирандык жазуучулардын китептери жана кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү.