• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
32 Категория: Фотографии - Published: 28/01 - 17:27

Бүгүн, 28-январда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кызматка киришүү аземи болуп өттү. 

Жаңы шайланган Мамлекет башчысы Филармониянын алдындагы Айкөл Манастын эстелигине токтоп, ата-бабаларыбызга таазим кылып, муну менен кыргыз рухунун туу чокусу болгон «Манас» эпосуна да сый-урмат көрсөттү. Инаугурация аземинде Садыр Жапаров Конституцияга колун коюп, Кыргызстан элине ак кызмат кылууга ант берди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылды. Андан кийин Садыр Жапаров инаугурациялык сөз сүйлөдү.