9
Категория: Фотографии -
Published: 04/01 - 13:07
Кечээ, 3-январда миңдеген ирактыктар Ирандын шейит болгон генералы Касем Сулеймани менен Ирактын командири Абу Махди аль-Мухандисти эскерип, жөө жүрүшкө чыгышты.
Эске салсак, бир жыл мурун, 3-январда АКШнын авиациясы Ислам Революциясынын Сакчылар Корпусунун “Аль-Кудс” атайын күчтөрүнүн командачысы генерал Касем Сулейманини жана ирактык “Хашд-аль-Шааби” кыймылынын башчысы Абу Махди аль-Мухандисти өлтүргөн. Алардын өлтүрүлүшүнүн бир жылдыгына карата Иран менен Иракта ар кандай иш-чаралар жана митингдер өткөрүлдү.