• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
79 Категория: Фотографии - Published: 23/12 - 11:55

Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланып, 21-декабрда пайдаланууга берилген спорт комплекс – байыркы Ош шаардагы эң чоң спорт комплекси болуп калды.

Имараттын ачылыш аземи салтанаттуу ачылып, ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, спортчулар жана жергиликтүү тургундар катышты. Т.Сарыбашов шаардыктарды жаңы спорткомплекстин ачылышы менен куттуктап, Иран Ислам Республикасынын элчисине ыраазычылык билдирди. Спорт комплексте 2 машыгуучу зал, жуунуучу, кийинүүчү бөлмөлөр бар. 1-залында кыргыз күрөш, дзюдо, грек-рим, эркин күрөш, самбо, таэквондо, каратэ-до боюнча машыгуулар, 2-залда волейбол, баскетбол, кичи футбол боюнча машыгуулар жана мелдештер өткөрүлөт. Комплекстин короосунда волейбол аянтчасы да бар. Мындан тышкары, кичинекей балдар ойноочу аянтча да курулду. Белгилей кетсек, Иран тарап Ош шаарына заманбап спорт комплекс куруу үчүн 1 млн доллар бөлөрүн айтып, 2011-жылы эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан. Бул каражат гранттык негизде берилип, спорт комплекс иран элинен кыргыз элине белек катары тапшырылды.