• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
121 Категория: Фотографии - Published: 11/12 - 16:44

«Forbes» журналы дүйнөдөгү эң таасирдүү аялдардын рейтингин түздү. Рейтингде биринчи орунду Германиянын канцлери Ангела Меркель, экинчи орунду Европанын Борбордук банкынын башчысы Кристин Лагард, үчүнчү орунду АКШнын вице-президенти Камала Харрис ээледи.

Бул туурасында "Ir.Sputnik" агенттиги жазды. Андан кийинки орундарды Германиянын Коргоо министри Урсула фон дер Ляйен, "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин жубайы Мелинда Гейтс, "General Motors" корпорациясынын башкы директору Мэри Барра, АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси, " Grupo Santander" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Ана Патрисия Ботин, "Fidelity Investments" компаниясынын директору Эбигейл Жонсон, "WellPoint" компаниясынын башкы директору Гейл Бурдо,  "OneConnect" компаниясынын директору Жессика Тан, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын төрагасы Эльвира Набиуллина, Токионун губернатору Юрико Коикэ, "Sabanci Holding" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Гюлер Сабанчи, Словакиянын президенти Зузана Чапутова жана "Samba" финансылык тобунун башкы директору Рания Махмуд Нашар ээледи.