• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
28 Категория: Фотографии - Published: 16/11 - 14:29

Ирандын Исфахан шаарында орун алган "Мошир-ол-Молк Ансари" тарыхый үйү сефевиддер доорундагы аристократтык үйлөрдүн бири катары каралат. Ал Иран архитектурасынын тарыхындагы маанилүү мурастардын бири болуп саналат.

Бул үй Аббас шахтын тушунда Шираздан Исфаханга көчүп келген Мошир  Ансаринин үй-бүлөсүнө таандык. Үйдүн уникалдуу архитектурасы анын Исфахандагы көз жоосун алган тарыхый үйлөрдүн бири деп аталышына себеп болгон. Бүгүнкү күндө бул үй музейге айландырылган. Бул тарыхый эстелик 2010-жылдын 8-февралында Ирандын улуттук мурастарынын тизмегине катталган.