• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
18/11 - 17:28

"Тазалык" ишканасынын айым кызматкерлери имиджин өзгөртүп, сүрөткө түшүштү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева өзүнүн facebook баракчасында билдирүү жасады.

16/11 - 17:12

Италиялык сүрөтчү Sabrina Nicolazzi памирлик кыргыздардын көз жоосун алган сүрөттөрүн тартып, Instagram тармагындагы баракчасына чыгарды.

16/11 - 14:29

Ирандын Исфахан шаарында орун алган "Мошир-ол-Молк Ансари" тарыхый үйү сефевиддер доорундагы аристократтык үйлөрдүн бири катары каралат. Ал Иран архитектурасынын тарыхындагы маанилүү мурастардын бири болуп саналат.

09/11 - 13:12

9-ноябрга караган түнү Орто-Сай базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, 1,8 миң чарчы метр жер күйгөн.

05/11 - 15:39

АКШдагы шайлоо түнү аяктагандан кийин, айрым шаарларда Трамптын, Байдендин жактоочуларынын жана BlackLivesMatter активисттеринин катышуусунда кагылышуулар башталды. Полиция күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрүүдө.

30/10 - 16:09

Ирандагы сасаниддер династиясынын тушунда курулган байыркы «Сарйезд» сепили өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү  Йезд провинциясында орун алган.

30/10 - 15:40

Тоолуу Карабактагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал башталгандан бери жай тургундар арасындагы жоготуулардын саны күн сайын өсүүдө.

28/10 - 16:34

Бишкек шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилди.

26/10 - 16:30

Ирандын Хорасан-Резави провинциясынын Кучан шаарындагы “Asak” ишканасы Батыш Азиядагы эң ири велосипед чыгаруучу завод болуп эсептелинет. Бул ишкананын ишмердүүлүгү 1997-жылы башталган. Бул жерде велосипеддин 32 түрүн чыгарылып, ички жана тышкы рынокко сатылат.

16/10 - 12:11

“Азади” мунарасы Тегерандын, ал тургай Ирандын символдорунун бири. Мунаранын архитектурасы 1969-жылы ирандык архитектор Хоссейн Аманат тарабынан долбоорлонуп, Мухаммед Пурфати тарабынан курулган.

12/10 - 17:13

Иранда жыл сайын 11-октябрь күнү белгилүү акын Хафизди эскерүү күнү белгиленет. Ага карата өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар, конференциялар жана адабий кечелер өткөрүлөт. 

05/10 - 16:04

Сауд Аравияда алгачкы ирет ит сүйүүчүлөр үчүн атайын кафе ачылды.

23/09 - 14:55

"Ыйык коргонуу" музейи Ирандын түштүк-батышындагы Хорремшахр шаарында жайгашкан. Ал 1980–1988-жылдагы Иран-Ирак согушуна арналган.

17/09 - 16:35

Маранжаб чөлү - Ирандын Исфахан провинциясынын Кашан шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан. Бул чөлдүн чок ортосунда эски кербен сарайдын болушу анын маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Бүгүнкү күндө бул кербен сарай туристтерди кызыктырган тарыхый жай катары белгилүү.

16/09 - 16:55

Таиланддын улуттук "Thai Airways" авиакомпаниясы уникалдуу учак ресторанын ачты. Бул тууралуу "Ir.Sputnik" агенттиги жазды. Бармен жана официанттар стюарддардын формасын кийип иштешет. Ресторан күнүнө 2000 адамды тейлейт.

15/09 - 12:56

Ирандагы эң ири аквариум туннели Исфахан шаарынын Нажван токой паркында жайгашкан. Бул аквариум туннели Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум болуп саналат. Бул туурасында "Yjc" агенттиги жазды.

11/09 - 17:29

Шираз - Ирандын маданий борбору. Шаар тоолор менен курчалган жайлуу өрөөндө жайгашкан. Ирандын атактуу акыны жана казалчысы Хафиз ушул шаарда төрөлүп жашап өткөн жана күмбөзү да ушул шаарда жайгашкан. Ошондой эле дүйнөгө аты чыккан улуу перс акындарынын бири Саадинин да күмбөзү Ширазда жайгашкан.

08/09 - 15:16

Ирандын Хузестан провинциясында Фаэзе жана Пуря Сарлак аттуу бир тууган балбандар тиши менен жүк ташуучу унааны сүйрөп, жаңы дүйнөлүк рекорд коюшту.

04/09 - 12:31

Ирандын Нишапур шаарчасындагы Чобин айылында  жыгачтан курулган кооз мечит бар. Анын курулушуна 40 тоннадай жыгач кеткен. Мунараларынын бийиктиги 12 метр болгон мечит мындан 20 жыл мурда Хамед Можтахеди тарабынан курулган.

03/09 - 16:05

Ирандын түндүк-батышында жашаган шахсевендер - ажербайжандардын этнографиялык тобу болуп саналат. Алардын жашаган үйү Борбор Азиянын көчмөн элдеринин боз үйүнө окшошуп кетет.