• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
23 Категория: Экономика - Published: 20/02 - 12:59

Ирандын Жарандык авиация уюмунун башчысы Тураж Дехгани Зангане өлкөдө учактарды өндүрүү программасы кеңейтилип жатканын белгилеп, учурда 100 орундуу жүргүнчү учак чыгаруу линиясын ишке киргизүүнүн үстүнөн иш жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. “Учактардын тетиктерин оңдоодо жана камсыздоодо жакшы мүмкүнчүлүктөргө жетиштик. Учурда илимге негизделген компаниялар чоң иштерди жасап жатышат. Мындан тышкары, “MAPNA” сыяктуу ири иштерди жасаган ири компанияларыбыз бар. Биз авиакомпанияларнын ири көлөмдөгү муктаждыктарын аргасыздан чет өлкөдөн алып келебиз, бирок бул жаатта биз мүмкүн болушунча өзүбүздүн ички күчтү колдонобуз. Жарандык авиация башкармалыгы да бул процессти билимге негизделген компаниялар үчүн жеңилдетет”, - деди Зангане.

Ал учурда 100 орундуу жүргүнчү учак чыгаруу линиясын ишке киргизүүнүн үстүнөн иш жүргүзүлүп жатканын билдирип, буга байланыштуу өлкөнүн Жол жана шаар куруу министрлиги, Коргоо министрлиги жана Илим жана технология боюнча вице-президенттин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, бул иштин үстүнөн Жарандык авиация башкармалыгы жана башка тиешелүү мекемелер иш алып барышууда.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.16
-0.93
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
-0.86
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+12°C Тегеран
-10°C Москва
-5°C Нур-Султан
+2°C Бишкек
-1°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+8°C Ашхабад
+6°C Ташкент