• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
17 Категория: Экономика - Published: 01/02 - 17:59

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай блогунун колдоосу менен "Региондор – туруктуу өнүгүү" конкурсунун алкагында Ош облусунун ишкерлерине атайын долбоорлорду берүү сунушталды.

Алар негизинен долбоорлорун кайра иштетүү, айыл чарба жаатына багытташы керек. Аталган долбоордун шартын "Интеграция" Евразиялык конкурсун уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тааныштырышты.

Эми өндүрүш түптөөчү ишкерлер 30 млн. сомдун тегерегинде колдоочу долбоорду утуп, ишкерлигин жүргүзсө болоорун “Интеграция" Евразиялык конкурсун уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары Владимир Лищука Ош шаарында өткөн жыйында билдирди.

“Биздин негизги каалообуз – ЕАЭБке кирген мамлекеттирдин өндүрүш тармагын колдоо. Мына ушул максатта биз ишкерлер менен жолугушуп, аларга долбоордун шарттарын баарын түшүндүрдүк. Биз муну Оштун ишкерлери дагы колдоп, жигердүү катышат деп ишенебиз. Ошондой эле кызматташууга чакырат элем”,- деди Лищука.

Инвестициялык долбоорлор бир нече ири интеграциялык багыттарды өнүктүрүүнүн алкагында каралмакчы. Буга өнөр жай жана логистика, экология, туризм жана маданият, саламаттыкты сактоо жана медицина, санариптештирүү, инфраструктура кирет.

Ишкерлер менен адистердин жолугушуусу буйруса натыйжалуу болот деп билдирет өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов. “Жолугушууда кызыккан ишкерлер арыз берип үлгүрүштү. Белгилүү болгондой, өндүрүштү, экономиканы көтөрүүчү конкурстук долбоор аркылуу 30 млн. сомго чейин колдоо болуп, анын 30 пайызы өздүк салым аркылуу каржыланат”,- дейт ал.

Ошондуктан  Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкерлерин  аталган долбоордун сынагына катышууга чакырат.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент