• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
31 Категория: Экономика - Published: 26/01 - 16:19

Антониу Гутерриш: Дүйнөнү акыркы 100 жылдагы эң оор экономикалык кризис күтүп турат.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун сайтында уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриштин “Давос күн тартиби” жыйынында сүйлөгөн сөзүнүн тексти жарыяланды.
Анда Гутерриш коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү акыркы 100 жылдагы эң начар экономикалык кризиске алып келип жатканын билдирди.
БУУнун башкы катчысы вирустун дүйнө жүзү боюнча жайылышынан улам 2 миллиондон ашуун адам каза болгонун баса белгилеп, “Биз акыркы 100 жылдагы эң начар экономикалык абалда турабыз, бул пандемия улуттар менен өлкөлөрдүн ортосундагы теңсиздиктин айкын көрүнүшүнө себеп болду. Ошондой эле, биз климаттык кризистин туруксуздугуна жана биологиялык ар түрдүүлүккө күбө болуп жатабыз”, - деди.
Бириккен Улуттар Уюмунун "Дүйнөлүк экономикалык кырдаал жана анын келечеги" деген тема боюнча отчетуна ылайык, 2020-жылы глобалдык экономика 4,3 пайызга кыскарган, бул 2009-жылдагы дүйнөлүк каржы кризисинен эки эсе чоң.
Бирок, ошол эле учурда БУУнун башкы катчысынын айтымында, 2021-жылы коронавирустан кийинки доордо дүйнө жүзү үчүн "морттуктан туруктуулукка өтүү" үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болот. Буга жетишүү үчүн өкмөттөр, өлкөлөр, эл аралык уюмдар жана жеке жана жарандык сектор биргелешип иштеши керек.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+3°C Ашхабад
+4°C Ташкент