• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
26 Категория: Экономика - Published: 25/01 - 10:57

Иран менен Армения соода тармагындагы кызматташтыктарын кеңейтүү боюнча меморандумга кол коюшту.

Бул тууралуу «Parstoday» агенттиги маалымдады.
Ирандын өнөр-жай, тоо-кен жана соода министри Алиреза Разм-Хуссейни ишемби күнү кечинде, Иран менен Армениянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан кийин, Ирандын Арменияга экспортунун наркы болжол менен 300 миллион долларды түзөрүн жана кол коюлган меморандум бул көрсөткүчтү жогорулатууга чоң жардам берет деп билдирди.
Разм Хуссейни шахталар, тамак-аш азыктары жана тиричилик техникалары сыяктуу тармактар эки өлкөнүн ишкерлери үчүн өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө ылайыктуу мүмкүнчүлүктөр деп баса белгиледи.
Армениянын экономика министри Ваган Керобян өз кезегинде Иран менен Армениянын соода жана башка өлкөлөргө биргелешкен экспорт жаатындагы эки тараптуу кызматташтыгына токтолуп, “Армения ирандык ишкерлерге үчүнчү өлкөлөргө кирүү үчүн өлкөнүн соода мейкиндигин берүүгө даяр”, - деди.
Ошондой эле, Ирандын Борборбук банкынын төрагасы Абдольнассер Хеммати Армениянын Экономика министри менен жолугушуп, Ирандын соода-экономикалык шарттарынын жакшырышына жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык потенциалын өркүндөтүү үчүн берилген мүмкүнчүлүк пайдаланарына үмүт артып жатканын баса белгиледи.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
-0.01
EUR
102.40
+0.59
KZT
0.20
+0.05
RUB
1.15
+1.42
TJS
7.50
+0.12
TMT
24.21
+0.14
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+9°C Тегеран
-8°C Москва
-11°C Нур-Султан
-1°C Бишкек
 0°C Алматы