• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
178 Категория: Экономика - Published: 06/01 - 16:30

Кыргызстанда өндүрүлгөн кайсы товарларга Иранда суроо-талап жогору экенин Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази жергиликтүү массалык маалымат каражаттары үчүн өткөрүлгөн пресс-конференцияда айтып берди.

Бул тууралуу “Eurasiatoday” агенттигинин корреспонденти маалымдады. “Менин билишимче, Иранда Кыргызстандан келген төө буурчак жана эт жакшы суроо-талапка ээ. Жакынкы убакка чейин биз бул азыктарды аз көлөмдө импорттоп келгенбиз”, - деди элчи. Анын айтымында, Кыргызстандан Иранга продукция экспорттоодо эч кандай чектөөлөр жок. “Кыргыз тараптын каалоосу боюнча Кыргызстандан  Иранга каалаган продукция экспорттоло алат. Бирок, албетте, бул жерде Иранга продукцияны экспорттоо экономикалык жактан канчалык пайдалуу деген экономикалык маселелер башкы ролду ойнойт. Бул жерде конкуренция жана башка экономикалык учурлар боюнча маселелер бар”, - деди Харрази.

Анын айтымында, 2020-жылы өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү, анын ичинде коронавирус пандемиясынын кесепетинен жана транспорттук-коммуникациялык маршруттардын жабылышынан улам төмөндөгөн, бирок өткөн жылдын аягында эки өлкөнүн ортосундагы соодада салыштырмалуу жакшы динамика байкалган. “Товар жүгүртүү төмөндөдү, бирок буга чейин эки жыл мурун соода жүгүртүү болжол менен 60 миллион доллардан 70 миллион долларды түзгөн. Азыр болжол менен 45 миллион долларды түзөт. Албетте, мындай соода көлөмү эки тарапты тен канааттандырбайт  жана биз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин потенциалы ушул көлөмдөн алда канча жогору деп эсептейбиз”, - деди ал.

Элчи 2019-жылы Иран менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндө келишимге кол коюлганын жана ал өлкөлөр ортосундагы соода үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзгөнүн белгиледи.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент