• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
121 Категория: Экономика - Published: 06/01 - 13:36

Бул тууралуу бүгүн, 6-январда Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Саид Харрази жергиликтүү массалык маалымат каражаттары үчүн өткөрүлгөн пресс-конференцияда билдирди.

“Иран Ислам Республикасын суу энергетика ресурсун колдонуу боюнча бир топ тажрыйбаларга ээ. Бул багытта биздин өлкө Кыргызстан менен да кызматташууга кызыкдар. Атап айтканда, кичи ГЭСтерди куруу боюнча кызыкчылык бар. Азыркы учурда ирандык адистер Кыргызстандын аймагында кичи ГЭСтерди куруунун жолдорун изилдеп атышат. Бул маселе 2019-жылы декабрда Тегеранда өткөн иран-кыргыз өкмөттөр аралык кеңешинде да талкууланып, күн тартибине коюлган”,- деди элчи мырза.

Белгилей кетүүчү жагдай, Иран Ислам Республикасынын президенти Хасан Роухани 2016-жылы 22-декабрда Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ага ирандык ишкерлер үчүн Кыргызстандын гидроэнергетика тармагында кызматташууну сунуш кылган. Мындай сунушка Х. Роухани макулдугун берип, тиешелүү министрликке сунуш кыларын айткан болчу.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
 0°C Дүйшөмбү
+4°C Ашхабад
+2°C Ташкент