• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
20 Категория: Экономика - Published: 04/01 - 15:36

Кытай менен Россия доллардан арылуу максатында ички валютадагы эки тараптуу сооданы 25 пайызга көбөйттү.

Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Кытайдагы элчиси Андрей Денизов Москва жана Бээжин 2020-жылга чейин ички валютадагы төлөмдөрдүн үлүшүн 25 пайызга көбөйткөнүн билдирди.
"Орусия менен Кытайдын ортосундагы соодада улуттук валюталардын үлүшү туруктуу өсүп, 2020-жылдын тогуз айында болжол менен төрттөн бирине жетти. Бул чоң жетишкендик",- деди ал кытайлык өнөктөштөрүнө кайрылып.
Денизовдун айтымында, улуттук валютада эки тараптуу соодага өтүү өтө татаал, бирок азыркы геосаясий шартта абдан керек.
 Ал, эки өлкөгө бул жаатта кысым көрсөтүлгөндүктөн, рубль жана юанга өтүүгө аргасыз экендигин баса белгиледи.
"Бул маселеде Кытай менен Россия жалгыз эмес. Көптөгөн өлкөлөр АКШ долларынан баш тартууну каалашат, анткени доллар жөн гана каржы куралы эмес, таасир тийгизүүчү рычаг болууда ", - деп кошумчалады Денизов.
Эске салсак, Кытай да доллардан баш тартуу процессин тездетүүдө. Кытай менен Орусия эки тараптуу соодада улуттук валюталардын колдонулушун өзгөртүү боюнча 2019-жылдын башында өкмөттөр аралык келишимге кол коюшкан. Ошол мезгилде Москва менен Бээжин ички валютадагы төлөмдөрдү 50 пайызга чейин көбөйтүүнү макулдашкан.

Белгилей кетсек, Кытай тышкы соода өнүгүү форуму Кытай менен Орусиянын ортосундагы эки тараптуу соода 2019-жылдын аягында 100 миллиард доллардан ашканын билдирди.
Москва менен Пекин эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жоюу үчүн олуттуу кадамдарды жасашты. Эки өлкө ошондой эле 2024-жылга чейин сооданы эки эсе көбөйтүп, 200 миллиард долларга жеткирүү боюнча дымактуу максаттарын жарыялашты.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.77
0.00
EUR
103.24
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.14
0.00
TJS
7.48
0.00
TMT
24.14
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
 0°C Москва
-12°C Нур-Султан
-12°C Бишкек
-10°C Алматы
+6°C Дүйшөмбү
+10°C Ашхабад
+9°C Ташкент