• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Экономика - Published: 04/01 - 12:07

Армения өкмөтү Түркиянын ордуна Ирандан 2250 товардык товар импорттоону көздөп жатат.

 Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Армениянын Тышкы иштер министрлиги Ирандын соода өнүгүү уюмунун экспорттук рынокторду өнүктүрүү боюнча министринин орун басары Фархад Нуриге жолдогон катында, буга чейин Түркиядан алынып келинген 2250 товардын ордуна Ирандыкы менен алмаштырууга ниеттенип жаткандыгын билдирген.
Белгилей кетсек, Армения өкмөтү Анкара Азербайжандын Тоолуу Карабакка каршы агрессиясын ачыктан-ачык колдоп жаткандыгына байланыштуу коопсуздук маселесин шылтоолоп, өткөн жылдын 20-октябрында Түркиядан импорттоого тыюу салуу чечимин жарыялады.
Армениянын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, тыюу салуу ортоңку керектөөгө арналган же өлкөдө товар өндүрүү үчүн колдонулган товарларга жайылтылбайт.
Эске салсак, Түркия Арменияга жыл сайын 69 млн. долларлык кийим-кече, 10 млн. долларлык цитрус жемиштери, 35 млн. долларлык автоунаа тетиктери жана 24 млн. долларга мунай зат экспорттойт.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек