• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
8 Категория: Экономика - Published: 29/12 - 09:34

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү, келаткан 2021-жылга карата облусту өнүктүрүүгө салымын кошот деген 10 ири долбоорлорду сунуштады.

Ал – өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизип, пайда көрүү жана сыртка экспорттоо жумушун аткаруу үчүн ишкерлерге сунушталган долбоорлор. Негизинен алар төмөндөгүлөр:

1. Композиттик курулуш заводу;
2. Электромобиль такси кызматы (Кара-Суу шаарында)
3. Сопропель (жер семирткич) өндүрүү;
4. Бал өндүрүү жана экспортто;
5 ТЭЦтерден чыккан калдыктарды кайра иштетүү;
6. Панель курулуш материалын өндүрүү жана жеңил конструкция менен турак-жай куруу;
7. Минералдык суу чыгаруу, экспорт;
8. Сублимациялык кургатуучу ишкана жана сапаттуу азыктар;
9. Балык чарбачылыгы;
10. Тери кайра иштетүү жана экспорттоо.

Облус жетекчиси Жарасул Абдураимов жасаган презентацияга 4 ишкерлер ассоциациясы, экономикалык адистер жана атайын серепчилер, журналисттер катышты. Сунушталган өндүрүштүк ишкананын долбоорлору даяр. Баары Кыргызстандын шартында ишке ашырууга ылайыкташкан. Өкмөттүн өкүлү ар бир долбоордун мүмкүнчүлүгү, экологиялык жактан пайдалуулугун жана кирешеси кандай болоорун түшүндүрүп берди.

Экологиянын бузулуусу, абанын булганышы көбүнчө автоунаалардан бөлүнүп чыккан кара түтүнгө байланыштуу экенин адистер айтып келишет. Бул абалдан чыгуунун бир гана жолу электр энергиясы менен кубат алчу унааларды колдонуу. Мындай багытта Ош облусу электромобилдик таксилерди колдонуучу долбоорун сунушу берилди.

Ишкерлер мындай долбоорлор менен таанышып, кенен маалымат берүү үчүн кайрадан дагы ички жана тышкы инвесторлор менен жыйын өткөрүүнү сунушташты.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент