• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Экономика - Published: 25/12 - 12:18

24-декабрда АКШда мунай кору азайып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын жайылышы инвесторлордун суроо-талаптын көбөйүшүнө үмүт артышына себеп болууда.

 Бул жагдайдан улам  мындан тышкары Улуу Британия менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода келишими жөнүндө кабарлардын жайылышы менен мунайдын баасы көтөрүлдү.
Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Кечээ, бейшемби күнү Лондондогу ICE Futures биржасында Brent маркасындагы мунайдын бир баррели 51,6 долларды түзүп, мурунку соода сессиясынын акыркы баасы 0,4 долларга (0,78 пайызга) жогорулады.
WTI маркасындагы мунай Нью-Йорк биржасында (NYMEX) бир баррели мурунку баасынан 0,34 долларга кымбаттап (0,71 пайызга) 48,46 долларга сатылган.
Жакында эле, Эл аралык энергетикалык агенттик (IEA), эгерде Кытайда мунайга болгон суроо-талап өспөсө, 2021-жылдагы дүйнөлүк мунайдын профицити 2019-жылдын аягына салыштырмалуу 0,6 миллион баррелге гана көбөйүп, натыйжада суроо-талап төмөндөйт деп билдирген.
Буга чейин, Орусиянын президенти Владимир Путин мунай келечекте энергия булагы катары  бара-бара унутулат деп болжолдогон. Анын айтымында, жакынкы беш жылда мунайга болгон суроо-талап жыл сайын 1 пайызга өсүп, андан кийин жыл сайын 0,1 пайызга төмөндөйт.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+10°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+10°C Ташкент