• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Экономика - Published: 23/12 - 15:54

Орусия менен Иран кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө ниеттенүүдө.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, 2020-жылы Орусия менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык дагы жигердүү жана натыйжалуу боло баштады.
Бул тууралуу Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак Ирандын мунай министри Бижан Намдар Зангане менен жолугушуудан кийин билдирди.
«Биздин өлкөлөр соода-экономикалык кызматташтыктын кеңири чөйрөсүндө дагы ийгиликтүү иштеп жатышат. Быйылкы жыл бүткүл дүйнөлүк коомчулук үчүн оор сыноо болгонуна карабастан, Орусия менен Ирандын ортосундагы экономикалык мамилелер мурдагы динамикасын жоготпостон, ого бетер жигердүү жана мазмундуу боло баштады», - деди Александр Новак.
Новактын айтымында, Орусия менен Иран мунай тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашты. Учурда энергетика жаатында орус-иран мамилелери ийгиликтүү өнүгүп жатат,- деп кошумчалады ал.
Эске салсак, 20-декабрда Ирандын мунай министри Бижан Зангане Москвага келүү менен Орусиянын бир катар жетекчилери менен жолугушуп, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек