• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
11 Категория: Экономика - Published: 18/12 - 16:41

Улуу Британиянын бир маалымат агенттиги маалымат булактарына таянып, АКШ өкмөтү Кытайдын армиясы жана аскердик мекемелери менен байланышы болгон үчүн ондогон кытайлык компанияларга каршы санкция салууну пландап жатканын билдирди.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары АКШ өкмөтүнүн Дональд Трамп баштаган империалисттик саясатынын уланып жана Кытайга кысымдын күчөшүнөн кийин Вашингтон Пекинге каршы санкциялар тизмесин кеңейтүү чечимин кабыл алганын кабарлашты.
“Reuters” агенттигинин маалыматына караганда, бүгүн, жума күнү Трамптын администрациясынын буйругу менен санкциялардын тизмесине дүйнөдөгү эң ири электрондук жарым өткөргүчтөрдү чыгаруучу Эл аралык Semiconductor Manufacturing Company (SMIC) баш болгон жалпы кытайлык 80 компания киргизилет.
АКШнын бул компанияларды Кытайдын армиясы жана аскердик мекемелери менен байланышы бар жана алардын айрымдары Түштүк Кытай деңизиндеги жасалма арал курууга көмөктөшүп жатышат деп айыптоодо.
Трамптын администрациясы кызматка киришкенден бери Кытайдын 275 компаниясына жана алардын туунду компанияларына, анын ичинде эки чон Huawei жана ZTE технологиялык компанияларга санкция киргизди.
“Reuters” Трамптын бул кадамын АКШнын жаны шайланган президенти Жо Байдендин администрациясы кызматка киришкенге чейин Американын Кытайга карата саясатын күчөтүү деп мүнөздөдү.
Санкциялардын натыйжасында бул кытайлык компаниялар АКШнын коопсуздук техника жана технология рыногуна кире албай калышты.
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги өлкөсү өз компанияларынын мыйзамдуу укуктарын коргоого умтулгандыгын баса белгилеп, АКШны чет элдик компанияларга кысым көрсөтүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууну токтотууга чакырды.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек