• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
15 Категория: Экономика - Published: 16/12 - 17:36

Быйыл өлкө аймагында электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти.

Башкача айтканда, декабрь айынын 2 жумасында аймактарга бөлүнгөн электр колдонуу лимити чектен ашты. Бул көрүнүш өлкөнүн Түштүк аймагында да байкалып, Ош жана Баткен облустарында 2 миң киловатт-саатка чейин ашыкча колдонулду. Мындан улам, электр энергиясын үнөмдүү колдонбосо, өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал экени эскертилди.

Кыргызстанда декабрь айынын 2 жумасында электр энергиясын колдонуу рекорддук чекке жетти. Башкача айтканда, ноябрь айында күнүнө 36 миллион киловатт-саат энергия колдонулса, декабрдын жарымына келип, күнүнө бул көрсөткүч 52 миллион 710 миң киловатт-саатка чыкканын «Улуттук энергохолдингден» билдиришкен. Ал эми Ош жана Баткен облустары үчүн күнүнө пайдаланыш керек деген 12 млн. 965 миң киловатт-саат, учурда бул 14 млн. 938 миң киловатт-саатка жетип, дээрлик 2 миң киловатт-саат ашыкча колдонулуп жатат.

Өкмөттүн токтому менен ар бир аймакка электр колдонуу лимити коюлган. Бирок эл бул чектен ашыра пайдаланып жатат дейт “ОшЭлектро” ААКсынын жетекчисинин орун басары Нурлан Раимберди уулу. Буга байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү колдонбосо, өлкө аймагында тартыштык жаралып, жарык өчүшү ыктымал экендигин эскертет.

Энергетиктер быйыл Токтогул суу сактагычында топтолгон суу аз болгону да энергиянын тартыштыгына алып келгенин айтып жатышат. Ошондуктан, электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгын эскертет. Анткени, өкмөт тарабынан берилген чектөөнү акыркы бир айда 20 пайызга көп пайдаланылган.

Быйыл себепсиз өчүрүүлөр болбой турганы айтышкан. Бирок, тобокелдиктер бар. Эгерде жарандар электр энергиясын керектөөнү чектебесе, анда автоматтык өчүргүчтөр иштеп, маал маалы менен очуруу болушу мүмкүн. Ошондуктан жарандардан электр энергияны үнөмдөп, үйдү жылытууда көмүр жана көгүлтүр отту колдонуу сунушталууда.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент