• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
13 Категория: Экономика - Published: 25/11 - 13:49

Бириккен Араб Эмираттары Израилден товарлардын биринчи партиясы келгендигин жана Тель-Авив менен соода жүргүзүлө баштагандыгын жарыялады.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. БАЭнин расмий маалымат агенттиги билдиргендей, кечээ Жебель Али портуна “KIMOHA ENTREPRENEURS” компаниясы үчүн Израилден товарлардын биринчи контейнери келди. Бул жүктү Израилдин скотч өндүргөн “Davik” компаниясы жөнөттү. Дубай портторунун төрагасы жана аткаруучу директору Султан бин Салим Израилден биринчи жүктүн келиши эки тараптын ортосундагы соода кызматташтыктын жана соода жүгүртүүнүн башталышы болгонун айтты.

Эске салсак, АКШнын ортомчулугу астында Израиль менен Перс булуңундагы араб өлкөлөрү Бириккен Араб Эмираттары жана Бахрейн өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашкан. Мамилелерди жөнгө салуу боюнча келишимге аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү 15-сентябрда Вашингтондо Ак үйдө кол коюшкан.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент