• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
13 Категория: Экономика - Published: 24/11 - 11:00

АКШ келерки жылы мунайды кайра иштетүү боюнча лидерлигин жоготушу мүмкүн.

Бул тууралуу “Bloomberg” журналы Эл аралык энергетика агенттигине шилтеме берип билдиргенин «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кийинки жылы тарыхта биринчи жолу АКШ мунайды кайра иштетүү рыногундагы лидерлигин жоготуп, анын ордуна кубаттуулугун жогорулатып жаткан Кытай келиши мүмкүн.
“Bloomberg” маалымдагандай, АКШ мунай доору башталган XIX кылымдын орто ченинен бери бул тармакта лидер болуп келген. Бирок, эксперттердин айтымында, 2021-жылы бул позицияны Кытай колго алат. Учурда Кытайда кеминде мунайды кайра иштетүүчү төрт завод курулуп жатат. Ал эми АКШда мындай ишканалар жабылып жатат. Бул өзгөрүүлөр ушул маселелерге дагы байланыштуу болушу мүмкүн.
Кытайдын мунайды кайра иштетүүчү заводдорунун жалпы кубаттуулугу суткасына 1,2 миллион баррелге жетиши мүмкүн. Муну Улуу Британиядагы мунайды кайра иштетүү менен салыштырууга болот. Ошол эле учурда, коронавирус себеп болгон кризистин айынан күйүүчү майга болгон глобалдык суроо-талап азайганы баса белгиленүүдө. Демек, мунай өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмү дагы кыскартылышы керек. Кыскаруу күнүнө рекорддук 1,7 миллион баррелге жетти, анын жарымынан көбүн АКШнын компаниялары түздү.
Буга чейин, Кытай бажысы өлкө мунайдын импортун 2020-жылдын январь айынан октябрь айына чейин өткөн жылга салыштырмалуу 10,6 пайызга, газ импортун 4,7 пайызга көбөйткөнүн маалымдаган.
Энергияга баанын төмөндөшү менен Кытай мунай менен газды сатып ала баштады. Бул өлкө бул жылдагы мунай жана газ импортуна 150,17 миллиард доллар гана короткон, бул өткөн жылдагыга караганда 24,5 пайызга аз.
Ошондой эле, ушул жылдын январь айынан сентябрь айына чейин Кытайдын экономикасы 0,7 пайызга өскөн. Эл аралык валюта фонду Кытай 2020-жылдын аягына чейин өсүшүн көрсөтүп, дүйнөдөгү ири экономикалардын бирине айланат деп жарыялаган эле.

Валюта курсу

IRR
0.02
-0.50
USD
84.48
0.00
EUR
102.49
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.15
0.00
TJS
7.35
-0.51
TMT
23.74
-0.51
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+11°C Тегеран
-17°C Москва
-14°C Нур-Султан
+4°C Бишкек
-6°C Алматы
+19°C Дүйшөмбү
+18°C Ашхабад
+14°C Ташкент