• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
6 Категория: Экономика - Published: 21/11 - 13:20

Казакстандын Алматы шаарынын мэри ирандык компанияларды өлкөнүн өнүгүү долбоорлоруна катышууга чакырды.

IRIB агенттигинин Эл аралык кызматынын Алматыдан берген маалыматы боюнча, Алматы шаарынын мэри Бакытжан Сагинтаев ирандык компанияларды өлкөнүн өнүгүү долбоорлоруна катышууга чакырды.
Бакытжан Сагинтаев менен Ирандын Алматыдагы Башкы консулу Мохсен Фагани менен жолугушуусунда эки өлкөнүн кызматташуу тармактары каралды.
Бул жолугушууда Алматы шаарынын мэри ирандык компанияларды шаардагы жол куруу, көпүрө куруу, эскилиги жеткен имараттарды жаңылоо жаатындагы инвестициялык долбоорлорго чакырып, Ирандан азык-түлүк, жер-жемиш, жашылча-жемиштерди жана гүлдөрдү импорттоого даяр экендигин билдирди.

Сагинтаев ошондой эле ирандык компанияларды 3-декабрда Алматыда өтө турган инвестициялык вебинарга катышууга чакырды.

Белгилей кетсек, Мохсен Фагани Иран менен Казакстандын ортосундагы тарыхый жана маданий жалпылыктарга, Иран провинцияларынын ар кандай экономикалык, өнөр жай, соода жана инвестициялык тармактардагы мүмкүнчүлүктөрүнө жана айрым ирандык компаниялардын кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгына токтолду. Ирандын Башкы консулу Алматы шаарында жакын арада Иран товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү жөнүндө маалымат берди.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент