• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
9 Категория: Экономика - Published: 16/11 - 12:38

АКШнын Мамлекеттик катчысы кийинки аптада Иранга каршы санкциялар күчөтүлөрүн жарыялады.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео мамлекеттик департаменттин жекшемби күнү жарыяланган билдирүүсүндө, Америка келерки аптада Тегерандагы репрессияларга байланыштуу Иранга каршы санкцияларды күчөтүүнү пландап жатканын жарыялады.
Анын айтымында, бир жыл мурун, Ирандын шаарларындагы нааразычылык акцияларынан кийин, Тегеран "ырайымсыз репрессиянын далилдерин жана интернет байланышын үзгөндүгүн цензура, коркутуу жолу менен жашырууга аракет кылган.
Майк Помпео Ирандын расмий өкүлдөрү "ошол жумада болгон адам өлтүрүүлөр боюнча көз карандысыз тергөө иштерин жүргүзүүдөн баш тартууну улантышууда",- деп эсептейт.
"Бирок биз режимдин курмандыктарын эч качан унутпайбыз. АКШ күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга катыша берет. Кийинки жумада Иран Ислам Республикасынын эң узак репрессиясын башынан кечирген өлкө элинин акыйкаттыгына жетүү үчүн репрессияга катышкан адамдарга каршы дагы бир нече иш-чара жарыяланат”,- деп жазыла Помпеонун билдирүүсүндө.
Ошондой эле, Иран режими тарабынан камалган бардык саясий жана идеологиялык туткундарды тезинен бошотуу талабыбызга бардык өлкөлөр кошулат деген үмүттө экенин билдирди.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент