• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
31 Категория: Экономика - Published: 05/11 - 12:21

Европа Биримдиги Беларуссиянын президенти Александр Лукашенкого жана бул өлкөнүн бир катар расмий адамдарына санкция киргизүүнү көздөп жатканын ЕБтин пландарынан маалымдар булактар билдирди.

Бул туурасында “Fars News” агенттиги кабарлады. Бир катар дипломатиялык булактар ЕБ жума күнү Беларуссиянын президенти Александр Лукашенкого жана башка 14 расмий адамга санкция киргизүүнү пландап жатканын германиялык “DPA” агенттигине билдирди. Аларга биримдикке мүчө өлкөлөргө кирүүсүнө тыюу салынат жана чет өлкөдөгү эсептери тоңдурулат.

Европа Биримдигине мүчө болгон 27 өлкө бул санкцияларга макул болуу менен аны аягына чыгарууда. Дипломатиялык аткаминерлер бул маселе Беларуссиядагы кырдаалдын курчушуна алып келет деп билдиришти.

Эске салсак, 9-августта Беларуссияда өткөн президенттик шайлоодон кийин бул өлкөдө нааразычылык акциялары токтобой жатат. БШК шайлоодо Лукашенко добуштардын 80 пайызын алып, жеңишке жеткенин жарыялаган. Бирок көптөр шайлоо бурмаланганын айтышкан. Айрым тараптар нааразычылык акцияларын АКШнын чалгындоо агенттиктери жетектеген деп эсептешет.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.79
-0.01
EUR
100.68
-0.03
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.12
-0.08
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+10°C Тегеран
-1°C Москва
-14°C Нур-Султан
-5°C Бишкек
-8°C Алматы
+3°C Дүйшөмбү
+11°C Ашхабад
+2°C Ташкент