• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
58 Категория: Экономика - Published: 04/11 - 14:57

Кытайдын суу алдына туннель куруу боюнча 4 миллиард долларлык долбоору алты жылдын ичинде бүтүрүлүшү пландалууда.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай дүйнөдөгү эң узун суу астында жүрүүчү темир жол туннелин курууну пландаштырууда. Туннель суу астына курулат жана узундугу 16,2 чакырым болот. Долбоордо бул туннель аркылуу жүргөн поезддердин ылдамдыгы саатына 250 чакырымды түзөрү айтылууда.

Аны алты жылдын ичинде бүтүрүү пландалууда. Ошондой эле, бул долбоорго жумшалган жалпы сумма болжол менен 4 миллиард долларды түзөт.
Буга чейин, Хельсинкиден Таллинге чейин жете турган Европадагы эң узун суу алдындагы темир жол туннелинин курулушу токтотулгандыгы жарыяланган. Эстониянын расмий өкүлдөрү бул иштин ишке ашуусунан күмөн санашкан. Себеби, курулушка акча Кытай тараптан жумшалмак. Таллин чет элдик инвестицияларды саясий максатта пайдалануу коркунучу бар жана технологиялык көз карандылык өрчүшү мүмкүн деп бул долбоорду жокко чыгарган.

Долбоорго ылайык, каттамдын жалпы узундугу 103 чакырымды, ал эми суу алдындагы туннелдин узундугу болжол менен 50-56 чакырымды түзмөк. Мындан тышкары, жок дегенде бир жасалма арал курулмак.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
+0.01
EUR
103.13
+0.34
KZT
0.20
+0.50
RUB
1.14
+1.28
TJS
7.50
+0.00
TMT
24.23
+0.00
UZS
0.01
-1.22

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
-6°C Москва
-19°C Нур-Султан
-4°C Бишкек
-3°C Алматы
+4°C Дүйшөмбү
+5°C Ашхабад
 0°C Ташкент