• Саясат
  • Экономика
  • Коом
 
16 Категория: Экономика - Published: 02/11 - 15:13

АКШнын Энергетика боюнча маалымат агенттиги август айында Мексика булуңунан келген берүүлөрдүн кыскарышынан кийин АКШнын мунай өндүрүшү 3,6 пайызга төмөндөгөнүн билдирди.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Энергетика боюнча маалымат башкармалыгы (EIA) ай сайын берилүүчү отчетунда АКШнын мунай өндүрүшү эң төмөнкү көрсөткүчкө жеткендигин жарыялады.
Белгилей кетсек, Мексика булуңундагы мунайзаты акыркы 7 жылда кыскаргандыгына байланыштуу АКШнын мунай өндүрүшү да 3,6% га төмөндөгөн.
Ушул айда АКШда мунай өндүрүү күнүнө 10,6 миллион баррелди түзүп, бул көрсөткүч 2019-жылдын августундагы орточо суткалык өндүрүшүнөн 14,9% га төмөн болгон.
Ошондой эле чийки мунайзаттын жалпы өндүрүшү акыркы үч ай ичинде биринчи жолу ушул деңгээлге төмөндөдү. Анткени америкалык өндүрүүчүлөр коронавирус эпидемиясынан кийин суроо-талаптын солгундашынан улам жаңы бургулоону кыскартышкан.
Ал эми АКШнын Мексика булуңундагы мунай өндүрүүсү август айында 27,5 пайызга төмөндөп, күнүнө 1,2 миллион баррелге чейин түштү - бул 2013-жылдын октябрь айынан берки бир айдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Буга себеп, аймактагы бороон-чапкындардан улам өндүрүүчүлөрдүн иштери убактылуу токтоп калган.

Валюта курсу

IRR
0.02
0.00
USD
84.80
0.00
EUR
101.18
0.00
KZT
0.20
0.00
RUB
1.12
0.00
TJS
7.50
0.00
TMT
24.23
0.00
UZS
0.01
0.00

Аба ырайы

 

+8°C Тегеран
+1°C Москва
-7°C Нур-Султан
+1°C Бишкек
+3°C Алматы
+9°C Дүйшөмбү
+13°C Ашхабад
+3°C Ташкент